ТИЛ АЛУУ ЖЕ ТИЛГЕ КӨНҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Айтылган сөздү, акыл-кеңешти угуу, аны менен макул болуу, айтканга көнүү, сөзүн жерге таштабоо. Көпкөлөң тилин биз алып, Өлгөнү келген экенбиз («Манас»). Оң бас десе тил албай, Тескери кетет уялбай (Тоголок Молдо). Тил ал балам деди. Тил алуу керек деп эскерттим. Энемдин тилин албадым (Токтогул).